БИШКЕК. Бүрсүгүнү Бишкекте туризм боюнча бизнес-ассоциациялардын биринчи конгресси болот. Анда туризм тармагынын азыркы абалы, өнүгүшү жана «Проблемаларды чечиш үчүн кандай чараларды көрүш керек?» деген маселе талкууга алынат. Ал эми 12-июнда Кыргызстандагы жалпы бизнесмендердин Бишкектеги бизнес-клубу «Кыргызстандын экспорттук стратегиясы» деген жыйын өткөрөт. Анда ишкерлер өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн арттырууга жол аччу тенденцияны талкуулап, атамекендик товарларды чет өлкөлөргө алып чыгуунун жалпы стратегиясын иштеп чыгышат. Жыйын «Мезгили келгенде Кыргызстан дүйнөнү таң калтырат» деген ураан алдында өткөрүлөт.