Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Өкмөт электр энергия тармагы боюнча токтом кабыл алды


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү электр энергия тармагын өнүктүрүү тууралуу токтом кабыл алып, анда «электр энергиясынын жоготуулары 25%дан ашпасын» деген чек койду. Андан тышкары тиешелүү мекемелердин алдына ««Кыргызэнерго» акционердик коомун менчиктештирүүнүн төртүнчү баскычы толук ишке ашырылсын, облустук, райондук, жергиликтүү бийлик жетекчилери, Ички иштер министрлиги электр энергиясын пайдалануу акысын толук жыйнап, уурулукка бөгөт коюшсун» деген милдет жүктөлдү. «Электр станциялар» коому болсо быйыл электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн 1,7 миллиард киловатт-саатка жеткирүүгө жана 2007-2008-жылдарда Камбарата-2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүүгө, Үчкоргон ГЭСин реконструкциялоого милдеттүү болду.

XS
SM
MD
LG