Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Райондук сот өкмөт башчысынын пайдасына чечим чыгарды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту премьер-министр Николай Танаевдин «Моя столица» гезитине жана пенсионер Михаил Корсунскийге каршы берген доо арызын кароону улантып, өкмөт башчысынын пайдасына чечим чыгарды. Ага ылайык Николай Танаевге редакция 500 миң сом, пенсионер М. Корсунский 5 миң сом айыппул төлөмөк болду. Бул тууралуу кабарлаган «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Ким соттун мындай чечимине нааразы экенин, аны жокко чыгарыш үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылаарын билдирди.
«Моя столица» гезитинин 2-апрелде жарык көргөн санында Михаил Корсунскийдин «Селейменин дарысы - сот» деген макаласы жарыяланып, анда Социалдык фонддогу абал тууралуу маалымат берилген. «Ал макалада айтылган айрым маалыматтар беделиме шек келтирди» деген өкмөт башчысы сотко кайрылып, гезиттен 15 млн. сом, макаланын автору Михаил Корсунскийден 2,5 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG