БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга белгилүү финансист жана филантроп Жорж Сорос эки күндүк иш сапары менен келди. Ал бул күнү «Сорос-Кыргызстан» фондунда өткөн экономикалык форумга катышты. Форумга вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, финансы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев, Улуттук Банктын төрагасынын орун басары Каныш Шаршекеева, ПРООНдун Кыргызстандагы координатору Ежи Скуратович жана бизнесмендер катышты. Форум Кыргызстандын экономикасынын келечектеги өнүгүшү, жеке менчик тармакты өнүктүрүү жана өкмөт менен жарандык коомдун кызматташтыгы сыңары маселелерге арналды. Анда бизнесмендер менен өкмөт өкүлдөрү Кыргызстанда Экономикалык өнүгүү институтун түзүүнү сунуш кылышты. Алардын айтымында, институт экономиканы, анын ичинде жеке менчик тармакты өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгыш үчүн зарыл.