БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Линн Паско иш сапары менен келди. Ал Өкмөт Үйүндө президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев менен жолугушуп, кыргыз-америка мамилеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Америкалык дипломат бүгүн массалык маалымат каражаттарынын айрым өкүлдөрү менен да жолугушту. Анда «Моя столица» гезитинин айланасында түзүлгөн кырдаал, өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы, демократиянын абалы талкууланды. Линн Пасконун иш сапары эртең аяктайт.