Шаршемби күнү Мадридде өткөн биринчи жыйында НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Иракта жайгаштырылчу польшалык аскерлер башындагы күчтөргө жардам берүүнүн планын бекитти.
Бекитилген планга ылайык, польшалык аскерлер жетектеген күчтөргө чалгындоо маалыматтарынан, коммуникациялык техникадан менен унаадан жана башка логистикалык жардамдар көрсөтүлөт.
Министрлер билдиргенге караганда, НАТОнун аскерлери август айынан тартып Ооганстандагы Улуттар Уюмунун мандаты астындагы көп улуттуу күчтөрдү жетектөөгө даяр.
Айрым министрлердин айтымында, альянстын аскерлери Жакынкы Чыгышта тынчтык миссиясын аткара алат.
Министрлердин жыйыны бүгүн аяктайт.