Бэйжиндин өкүлдөрү соңку 24 саат ичинде өлкөдө бир да өнөгөсүз өпкө дартын жуктурган адам, же андан көз жумган оорулуу катталбаганын кабарлашты. Апрель айынан бери Кытайда бул дартка чалдыккандар күн сайын ар башка санда катталып келген. Кечээ эле Бэйжиндик дарыгерлер САРС вирусу дагы 3 адамдан табылганын маалымдашкан. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, буга чейин өпкөнүн өзгөчө сезгенишинен Кытайда 334 киши, дүйнө жүзүндө 800гө жакын адам кайтыш болду.