Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:20

Тажикстандын "Исламдык кайра жаралуу" партиясынын лидерлеринин бири камакка алынды


Тажик бийликтери исламчыл партиянын активисти Шамсуддин Шамсуддинов өлкөнүн коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынганын ырасташты. Кечээ аталган партиянын өкүлдөрү Шамсуддинов өткөн аптанын этегинде үйүнөн уурдалып кеткен деп билдиришкен. Тажикстандын башкы прокурору Шариф Курбанов абактагы саясатчыга жакында олуттуу кылмыштарга байланыштуу кинелер тагылаарын маалымдады. Тажикстандын "Исламдык кайра жаралуу" партиясы – Борбор Азиядагы жалгыз диний партия эсептелет.

XS
SM
MD
LG