Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Израиль менен Палестинанын премьерлери эл аралык тынчтык планын аткарууга сөз беришти


Иорданияда Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча АКШ президенти Жорж Буш жана Израиль менен Палестинанын премьер-министрлери ортосунда сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды. Америкалык президент сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш бар экенин белгилеп, эки тарапты эл аралык планды аткарууга дароо киришүүгө үндөдү:

- Бүгүн бул жерде бардык маселелер алдыга коюлду: Ыйык жер Палестина мамлекети менен Израиль мамлекети жанаша жайгашкан аймак болуп, бул экөө бардык коңшулаш өлкөлөр менен бейпилдикте өкүм сүрүүгө тийиш. Тынчтык планы бардык тараптар үчүн пайдалуу, ошол эле учурда бирдей жоопкерчиликти талап кылат.

Жолугушууда Шарон Израилдин жанында көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлүшүн колдоп, Иордандын Батыш жээгиндеги айрым жөөт кыштактарын токтоосуз көчүрүп кетүүгө макул болду. Ал эми Палестинанын өкмөт башчысы Аббас Израилге каршы кол салууларга тыюу салып, куралдуу көтөрүлүштөргө каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүүнү убада кылды. Бирок, палестин аймактарындагы жөөт кыштактарынын жетекчилиги Шарондун айткандарына каршы экенин билдирсе, палестиндердин радикал уюмдары өз премьеринин убадасы ишке ашпаарын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG