Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51

Дүйнөлүк туризм уюмунун кеңешинин сессиясына Кыргызстандын өкүлү катышууда


БИШКЕК. Уюмдун кеңешинин 70-сессиясы кечээ Мадрид шаарында башталды. Бул сессияда өнөгөсүз өпкө оорусунун Азиядагы жана дүйнөдөгү туризм индустриясына тийгизген таасири талкууланат. Ошондой эле туризм этикасына, туристтердин коопсуздугуна, тейлөө сапатын камсыздаган стандарттарга, балдарды сатууга жана секс-туризмге каршы күрөшүүгө байланышкан маселелер да сессиянын күн тартибине кирген. 8-июнга чейин созулмакчы болгон бул сессиянын ишине Кыргызстандан Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков катышууда. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы билдирди. Кыргызстан өнөгөсүз өпкө илдети тарап жаткан Кытай өлкөсү менен каттамды 13-майда жапкан. Өкмөттүн тараткан маалыматтарына караганда, мындай жагдай Кыргызстандагы туристтик мезгилге терс таасири көп деле тийбейт.

XS
SM
MD
LG