Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Кыргызстандын өкмөт башчысы Тажикстанда болду


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Тажикстанга жумуш сапары менен барды. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарына караганда, Н. Танаев Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов менен жолугушту. Анда тажикстандык кыргыздардын Кыргызстанга көчүп келишинде пайда болгон маселелер, Тажикстандын аймагындагы кыргызстандык обьектилердин абалы талкууланды. Андан тышкары, эки премьер-министр суу-энергетика, темир жол тармактарында кызматташуу, Кадамжай сурма комбинатына Тажикстандан сурма-сымап концентратын алуу боюнча да сүйлөшүү жүргүзүштү. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сооданын көлөмү былтыр 9 млн. долларга жеткен.

XS
SM
MD
LG