Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

АКШ Кыргызстанга ташылуучу биологиялык продуктуларды текшерүүнү күчөттү


БИШКЕК. АКШнын Индустрия жана коопсуздук бюросу жаңы эрежелерди кабыл алды. Ага ылайык Кыргызстанга биологиялык дары-дармектерди жана жер семирткичтерди ташып келүүчү ар бир фирма жана компания милдеттүү түрдө ал продуктуларды мамлекеттик текшерүүдөн өткөрүүгө тийиш. Эксперттер «бул биологиялык продуктулардан курал жасоого мүмкүн эмес» деген жыйынтык чыгарып бергенден кийин гана компаниялар өз товарын Кыргызстанга ташып кирүүгө уруксат алмакчы. Андан тышкары милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтчү товарлардын тизмесине биологиялык препараттардан жасалган жабдуулар жана техникалар да киргизилген. Кошмо Штаттардын Индустрия жана коопсуздук бюросу өзүнүн мындай аракеттерин Кыргызстанда жана анын айланасында экстремисттик топтордун коркунучу сакталып турганы менен байланыштырууда. Мындай маалыматты бүгүн «Сentran.ru» маалымат агенттиги таратты.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG