Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Ереванда КМШнын коопсуздук кызматтарынын жетекчилери жыйын өткөрүштү


БИШКЕК. Кечээ Армениянын борбору Ереван шаарында КМШнын Коопсуздук боюнча жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин XIV жыйыны өз ишин аяктады. Жыйындан кийин журналисттерге маалымат берген Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Николай Патрушевдин айтымында, күн тартибине 19 маселе коюлуп, талкууга алынды. Жыйында КМШ мамлекеттеринин антитеррордук бөлүмдөрүнүн биргелешкен машыгуусун июль айында Украинанын аймагында өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды. КМШ мамлекеттеринин коопсуздук боюнча жана атайын кызматтарынын кеңешинин жетекчилигине Николай Патрушев, ал эми антитеррордук борбордун жетекчилигине Борис Мыльников дагы бир жолу шайланышты. Жыйынга Кыргызстандан Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов баштаган делегация катышты. Мындай маалымат бүгүн ушул кызматтын басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG