Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Бишкекте Кыргызстан менен Кореянын соода мамилеси боюнча бизнес-форум өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Кыргызстан менен Кореянын соода-экономикалык мамилесин өнүктүрүү» деген темада бизнес-форум болду. Тышкы иштер министрлигинде өткөн бул форумга Кореянын Кыргызстандагы элчиси Тэ Сок Вон жана кореялык «Daewoo», «LG», «Woogin», «Samsung Elektronic», «Samsung Corporation», «Shippers», «Grapro», «Buran Bilers» жана «Medicon» аттуу ири компаниялардын өкүлдөрү катышты. Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчисинин айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы соода жакшырууда. Маселен, анын көлөмү 1990-жылы 4 миллион доллар болсо, 1998-жылы 30 миллиондон ашкан. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаевдин айтымында, азыр анын көлөмү 120 миллион долларга жетти. Кореялык ишкерлер Кыргызстандын туризм, телекоммуникация, транспорт жана түстүү металл иштетүү тармактарын келечектүү деп эсептешүүдө.

XS
SM
MD
LG