Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү А.Яковенко Ирак өзүнүн өзөктүк программаларын эл аралык инспекторлор көзөмөлдөшүнө макул болбогон күндө да, Москва Тегеранга өзөктүк отун жеткирүүнү токтотпойт деп билдирди. Яковенко андан тышкары "Итар-Тасс" кабар агенттиги жарыялаган маегинде Орусия Иран менен Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү кошумча протоколго кол коюуну каалайт, ошол документ Ирандын өзөктүк өнөр жайын эл аралык катаал көзөмөлгө алууга жол ачмак деп белгилейт. "Бирок, ал протоколго кол коюлбаган күндө да Орусия Ирандагы Бушехр атомдук станциясына өзөктүк отун жеткирүүнү уланта берет", - деп кошумчалайт ал.