Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Кавказда БУУнун байкоочуларын уурдап кетишти


Грузия менен сепаратисттик Абхазиянын ортосундагы тоолуу аймакта белгисиз адамдар бүгүн таңга маал Бириккен улуттар уюмунун аскерий байкоочулары дайынсыз жоголду. Бириккен улуттар уюмунун Тбилисидеги өкүлчүлүгү Кодори капчыгайында кызматын аркалап жүргөн 3 эл аралык байкоочуну котормочусу менен кошо куралчан адамдар белгисиз багытта алып кетишкенин билдирди. Улуттар уюмунун 100дөй байкоочусу аймакта 10 жылдан бери Грузия менен Абхазияны элдештирүү аракетинде кызмат өтөп келет, буга чейин бир нече ирет Кодори капчыгайында байкоочулар уурдалып кетип, кийин бошотулган, капчыгайдын бир бөлүгүн Грузия, калганын Абхазия көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG