Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Жорж Буш Жакынкы Чыгыштагы сапарын Катарда жыйынтыктады


АКШ президенти Жорж Буш бейшембиде Катардагы аскерий базада болду. Ал жердеги америкалык аскерлер алдындагы сөзүндө Буш аларга Ирактагы согушта көргөзгөн каармандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Саддам Хусейндин массалык кыргын салуучу куралы жөнүндөгү чындыкты эртели-кеч табууну убада кылды:

- Саддам коркунучтуу куралын жаап-жашырууга ондогон жылдар сарптаган. Ирак – чоң өлкө экенин силер менден жакшы билесиңер. Биз Саддамдын массалык кыргын салуучу куралы тууралуу чындыкты баары бир табабыз. Башкысы - бир да террорчул уюм мындан ары Ирактын бийликтеринен кооптуу куралды ала албайт, анткени Саддамдын режими жок кылынды.

Катардагы базада америкалык президент Ирактагы согуштук кампанияны жетектеген генерал Томми Фрэнкс жана Багдаддагы АКШлык башкаруучу Пол Бремер менен баарлашты. Иракта болсо бүгүн Фаллужа калаасында белгисиз адамдар ыргыткан гранатадан бир АКШ аскери курман болуп, бешөө жараат алганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG