Бул жөнүндө кабарлаган маалымат министри "Навинки" сатиралык гезитин чыгарууга эмне себептен тыйуу салынгандыгын түшүндүргөн жок. Гезиттин редактору Павлюк Канавальчик гезитке тыйуу салынганын басмакана гезитти басып чыгаруудан баш тартканда гана кабардар болушканын билдирет. Канавальчик муну Беларустун "маалымат тармагында башталган тазалоо" катары сыпаттады. Ушуну менен Беларустун жетекчилиги бир эле жуманын ичинде үчүнчү гезитке тыйуу салып отурат. Өткөн жумада Маалымат министри Беларуская Деловая гезити менен анын тиркемесине үч айлык мөөнөткө тыйуу салган.