НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон бул билдирүүсүн кечээ НАТОнун Испан жээктериндеги кызматын текшерип чыккан соң жасады. Анын айтымында, НАТОнун патрулдары бүткүл регион боюнча мыйзамсыз иммигранттардын жолун тороп, алардын агымын 33 процентке азайтууга жетишти. 2001- жылы 11-сентябрда болгон терракттардан кийин НАТОнун аскерлери Жер Ортолук деңиздеги кемелерди коштоп, шектүү кемелер менен кайыктарды текшере баштаган. Буга чейин чөлкөмдө жүргөн беш кеме текшерилди, бирок аларда кылмыштуу иштердин изи байкалган жок.