Ага ылайык бул өлкөдө атайын соттор түзүлөт жана ”кызыл кхмерлердин” иштери териштирилет. Жетимишинчи жылдары кхмерлер бийликте турган мезгилде Камбоджада бир миллион жети жүз миңден ашуун киши – калктын дээрлик чейрек бөлүгүнөн көбү кыргынга учураган. Алардын көбү кхмерлердин репрессиясынан жана ачарчылыктан, оору-сыркоодон опот болушкан.