Евросоюздун жогорку даражалуу өкүлү Хавер Солана бүгүн Белградда ушинтип билдирди. Бул жерде Солана серб премьери Зоран Живкович менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эгер мурдагы эки югослав республикасы өз-өзүнчө эгемендик алса, Евросоюзга батыраак кабыл алынат эле деген пикирди Солана четке какты. Сербия жана Черногория жаңы мамлекет катары быйыл жазда мурдагы Югославиянын ордуна түзүлгөн эле.