Но Му Хен Токиодо япониялык ырасмий өкүлдөр менен жолугушат жана түндүк Кореянын атомдук программасына байланышкан кырдаалды талкуулайт. Но Му Хен бүгүн япон императору Акихито менен жолукту, эртең премьер-министр Дзюнитиро Коидзуми менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Пхеньяндын атомдук программасына Кошмо Штаттары менен Япония жана Түштүк Корея өзгөчө камтамачылыгын билдирип келатышат.