Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

ООНдун атайын өкүлү бүгүн Мьянмага - мурдагы Бирмага келди


Разали Исмаил жергиликтүү бийликтер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, оппозициянын лидери Аун Сан Сучини түрмөдөн бошотконго аракет кылмакчы. Бирмадагы оппозициянын жетекчиси Сан Сучи мындан бир жума мурда камалган эле. Анын тарапкерлери өкмөттүк күчтөр менен кагыша кетишкен болчу. Оппозициянын өкүлдөрү кара кагылыш маалында Сучи катуу жабыркаган болушу мүмкүн деп кооптонушат. Буга байланыштуу ООНдун өкүлү өкмөт Сучи менен жолугушканга мүмкүндүк берерине үмүт кылып жаткандыгын билдирди. Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти бирмалык оппозиционер аялды жана анын тарапкерлерин кезектеги провокациядан ыдык көрдү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG