Бирок анын чабылгандан калган чабал жана чачкын бөлүктөрүнүн акцияларын ооздукташ мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн Лондондо Ооганстандын лидери Хамид Карзай билдирди. Карзай Британияда үч күндүк визит менен болду. Ушул эле күнү Ооганстандын Пактиа провинциясында эл аралык коопсуздук күчтөрү ал-каидачылар менен талиптердин калган-каткан отряддарын таап, талкалоо үчүн операцияларды баштады. Соңку күндөрү Ооганстанда өкмөттүк жана эл аралык обьекттерге, ошондой эле жөн-жайкын калкка кол салган учурлар арбыды.