БИШКЕК. Кечээ Венада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун туруктуу кеңешинде уюмдун Кыргызстандагы элчиси Айдын Идил 2002-жылдын ноябрь айынан берки жасалган иштер боюнча отчет берди. Айдын Идил президент Аскар Акаев баш болгон Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдө демократияны өнүктүрүү боюнча иштерине жогору баа берди. Элчинин пикири боюнча, Кыргызстанда Демократиялык коопсуздук боюнча кеңештин, Акыйкат башкаруу кеңешинин, Акыйкатчы институтунун түзүлүшү, өлүм жазасына коюлган мораторийдин мөөнөтүнүн узартылышы - республиканын демократия жолунда баратканынын белгиси. «Ал эми ЕККУнун академиясынын ачылышы, Ички иштер министрлигин колдоо боюнча долбоордун башталганы, Майлысуудагы уран калдыктары боюнча жыйындардын өткөрүлүшү уюм менен кыргыз бийлигинин биргелешип иштеп жатканын билдирет», деди Айдын Идил. Жыйынды алып барган ЕККУнун туруктуу кеңешинин төрагасы, Голландиянын элчиси Юстус де Виссер Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы алаканы чыңдоону колдоого алаарын билдирди.