БИШКЕК. Бүгүн «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун президенти Төлөкан Исмаилова «Freedom House» фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын Ички иштер министрлигин колдоо боюнча ЕККУнун 7 пункттан турган долбоорунун акыркы эки пунктун сынга алды. Төлөкан Исмаилованын айтымында, «кыргыз милициясынын райондук жана жергиликтүү бөлүмдөрүнө жардам берүү, коомдук чыр-чатактарды жана башаламандыктарды алдын алууга көмөк көрсөтүү» деген негиз менен ЕККУ бийликке митингдерди, демонстрацияларды жана нааразылык акцияларын басууга жардамдашууда. Төлөкан Исмаилованын «Азаттыкка» маалымдаганына караганда, жарандык коомдун өкүлдөрү бул долбоорду негизинен колдойт. Бирок, «долбоордун сөз болуп жаткан эки пункту демократиянын өнүгүшүнө каршы келет» деген мазмундагы катты бир катар бейөкмөт уюмдар ЕККУнун башчысына жолдошкон. ЕККУнун кыргыз милициясын колдоо боюнча 3 млн. 830 миң евро өлчөмүндөгү долбоору 19-майда Венада жактырылган.