Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

«Freedom House» фондунун аткаруучу директору Бишкекте иш сапары менен жүрөт


БИШКЕК. Кыргызстан дүйнөдөгү эркин эмес мамлекеттердин катарына кирет, бирок Борбордук Азиядагы авторитардык өлкөлөр катары эсептелген Өзбекстан менен Түркмөнстанга салыштырмалуу мындагы адам укуктарынын абалы дурус. Бүгүн Бишкекте «Freedom House» фондунун аткаруучу директору Жениффер Уинсдор ушундай пикирин билдирди. Ж. Уинсдор Кыргызстанга үч күндүк иш сапары менен кечээ кечинде келген. Бүгүн ал өлкөдөгү укук коргоочулар менен жолугушту. Аткаруучу директор Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн жетекчилиги менен да жолугушуп, басма сөз эркиндигине жана адам укуктарына байланышкан маселелерди талкуулайт. «Freedom House» уюму азыр Бишкекте Эл аралык эркин басма үйүн куруу жана укук коргоочуларга колдоо көрсөтүү боюнча эки программанын үстүндө иш жүргүзүүдө. Кыргызстанда бул программалар өз ишин өткөн жылдын этегинде баштаган.

XS
SM
MD
LG