Комедия жанрында тартылган картинада мурдагы ГДРдын турмушу баяндалат. Атап айтканда, фильмдин башкы кейипкери - өспүрүм боз бала нерв ооруга чалдыккан апасын айыктырганы өз үйүндө эски ГДРдын Берлин дубалы кулаганга чейинки турмушун элестеткен шарт-жагдай түзгөнгө аргасыз болот. Марттан бери эле бул фильмди Германияда алты миллиондон ашуун адам көрдү.
Германияда быйылкы жылдын башкы кинобайгеси “Гуд-бай, Ленин!” деп аталган фильмге ыйгарылды