Германиянын коргоо министрлигинде ырасташкандай, дагы он чакты жоокер жарадар болушту. Эл аралык коопсуздук контингентинин курамында кызмат кылган жоокерлер менен ооган солдаттарын тартып бараткан автобуска такси айдаган жанкечти-террорист жакындап келип, машинасындагы бомбасын жардырып жиберген. Ооганстандын борборунда төрт миң алты жүз адамдан турган эл аралык коопсуздук контингенти жайгаштырылган.