Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Мьянманын – мурдагы Бирманын – бийликтери ООНдун атайын чабарманына оппозициялык лидер менен жолукканга уруксат беришкен жок


Разали Исмаил түрмөдө жаткан Аун Сан Сучи менен жолугуп, аны абактан чыгарганга жардамдашуу максатында кечээ Мьянмага келген эле. Азыр Разали жергиликтүү бийликтер менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, оппозициялык лидерге көмөктөшкөнгө аракет кылууда. Аун Сан Сучи – Нобель сыйлыгына арзыган бирмалык белгилүү оппозиционер аял. Ал мындан бир нече жыл мурда түрмөдө жатып, жалпы элдик шайлоодо өз партиясынын жеңишин камсыз кылган эле. Бирок Бирманын аскерий бийликтери шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай коюшкан. Өткөн аптада Сан Сучинин тарапкерлери өкмөткө жан таркан күчтөр менен кагылыша кетишкен эле. Сан Сучини камаганга ошол окуя себепчи болду.

XS
SM
MD
LG