Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Бүгүн Иракта америкалык аскерлер аткыланды


Адиса Тикрит шаарына жакын жерде болду. Натыйжада америкалыктар бир солдатын жоготту жана бир нече киши жарадар болду. Иштин башка чоо-жайы тууралуу маалымат айтылган жок. Ушул эле күнү шийиттердин ислам революциясынын жогорку кеңеши деп аталган саясий уюму консултациялык кеңешке кирүүдөн баш тартты. Иранчыл маанайдагы бул уюмдун лидери Хамед Байати ырастагандай, кеңештин мүчөлөрүн америкалык администрация дайындаганы алардын нааразылыгын пайда кылды. Америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер бүгүн негизги саясий партиялардын өкүлдөрү жана абройлуу адамдар менен жыйын өткөрүп, консултациялык кеңеш түзүүнүн жолдорун талкуулаган эле.

XS
SM
MD
LG