Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Алматыда ОБСЕнин парламенттик ассамблеясынын форуму ачылды


Жыйын эки күнгө созулат жана анда борборазиядагы стабилдүүлүктү чыңдоо проблемалары, алардын ичинде демократиялык институттарды өнүктүрүү жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери талкууланат. Форумга Европадагы коопсуздук жаны кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн парламенттеринен келген делегациялардан тышкары НАТОнун, КМШнын жана Ислам конференциясы уюмунун өкүлдөрү да катышууда. Жыйынды казак президенти Нурсултан Назарбаев жана ОБСЕнин баш катчысы Жан Кубиш ачып, сөз сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG