БИШКЕК. «Тараз-Талас-Суусамыр автожолун оңдоо» долбооруна Ислам Өнүктүрүү Банкы 9 млн. доллар бөлө турган келишимге кол коюлду. Финансы министрлигинен алынган маалыматка караганда, бул долбоор Казакстандын Тараз шаарына чейин созулган 199 чакырымдык жолдун абалын жакшыртууга багытталган. Талас облусун республиканын башка аймактары менен байланыштыра турган ушул жападан-жалгыз жолдун абалы азыр начар. Андыктан таластыктар Бишкекке жана республиканын башка облустарына Казакстандын Тараз облусу аркылуу каттап, бажы жана чек ара бекеттеринен текшерилип, тинтүүгө учурап турушат. Таластан ташылган айыл чарба продукциясынын баасы да чек арадан өткөнү үчүн кымбаттайт. Бул жол оңдолсо, Талас менен Бишкектин аралыгы 90 чакырымга кыскарат.