Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:13

Эртең Кыргызстанга ЕККУнун делегациясы келет


БИШКЕК. Эртең Кыргызстанга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун директору Кристиан Штрогаль баштаган делегация келет. ЕККУнун өкүлдөрү президент Аскар Акаев, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, Жогорку Кеңештин кош палаталарынын төрагалары Алтай Бөрүбаев жана Абдыганы Эркебаев, ошондой эле Кыргызстандагы саясий партиялардын, бейөкмөт жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушат. Кристиан Штрогаль баштаган ЕККУнун делегациясы Кыргызстанда эки күн болот. Бүрсүгүнү Кыргызстанга бул уюмдун дагы бир делегациясы - ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG