ОШ. Бүгүн президент Аскар Акаевдин Ош облусуна болгон эки күндүк иш сапары башталды. Президент күндүн биринчи жарымында Карасуу районунда болуп, бир катар чарбалардын ишин көрүп чыкты. А. Акаев ушул күнү Кашкаркыштак айыл өкмөтүндө өтүп жаткан «Социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү жана жардылыкты азайтуу» деген темадагы республикалык семинардын корутунду жыйынына да катышып, сөз сүйлөдү. Андан соң А. Акаев Ноокат районунда болду. Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү тамеки ферментациялоочу ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышкан соң, ал Эскиноокат кыштагына «Ноокат шаары» деген статустун берилишине жана кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Насирдин Исановдун 60 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышып, сөз сүйлөдү. Президент А. Акаевдин иш сапары эртең Каракулжа районунда уланат.