Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Рим папасынын Хорватиядагы иш сапары уланууда


Иоанн Павел Экинчи бүгүн Хорватиянын Риека шаарында өткөргөн диний жөрөлгөгө 100 миңдей адам, анын ичинде венгриялыктар, словениялыктар, италиялыктар,польшалыктар катышты. Өз сөзүндө Рим папасы үй-бүлөнүн баалуулугун белгилеп, жекшемби үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары чогулуучу күн болгондуктан, иш күнү катары эсептелишине каршы экенин билдирди. Хорватияда учурда католик чикркөөсү менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда дүкөндөрдү жекшемби күнү да иштетүү маселеси боюнча талаш-тартыштар жүрүп жатат. Хорватиядагы беш күндүк иш сапар - Рим папасынын чет өлкөлөргө жасаган 100-визити.

XS
SM
MD
LG