Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:51

БУУнун Грузияда уурдалган байкоочуларын бошотуу үчүн кун төлөнбөйт


Грузиянын Коопсуздук кеңеш катчысынын орун басары Жемал Гакохидзенин билдиргенине караганда, грузин бийликтеринин да, БУУнун өлкөдөгү миссиясынын да уюмдун өткөн аптада уурдалган байкоочуларын бошотуп алуу үчүн кун төлөө ниети жок. Грузин бийликтери БУУнун германиялык эки ,даниялык бир аскерий байкоочусун жана алардын котормочусун уурдап кеткендер барымтадагылардын боштондугу үчүн 1,5 – 2 миллион доллар кун суроодо деген маалыматтардын чын-төгүнүн териштирүүдө. Окуя өткө бейшемби күнү Грузия менен Абхазиянын ортосундагы Кодор капчыгайында болгон. Грузиянын коопсуздук кызматтарынын эсебинде, бул - жергиликтүү криминалдык топтордун колунан келген иш. Улуттар Уюмунун кызматкерлери бул чөлкөмдөн мурда да эки ирэт уурдалып, сүйлөшүүлөрдөн соң бошотулган.

XS
SM
MD
LG