Өзүнүн "Ликуд" партиясынын Иерусалимде өткөн чуулгандуу жыйынында Израилдин өкмөт башчысы "өлкөдө тынчтык орнотуп, коопсуздукту кепилдейм" деп сөз берди.
Шарон "Израилдин бейкуттугу тууралуу шайлоочуларга берген убадамдын өтөөсүнө чыгам" деп ырастады. "Ликуддун" консерваторлору ага каяша айтып, чуу көтөрүштү. Шарон премьер-министр Махмуд Аббас жетектеген палестин өкмөтүнөн согушчан топторду талкалап жок кылууну талап кылды. Кечээ палестиналык чабуулдан алты палестиналык менен катар, Израилдин беш жараны набыт болгон эле.
АКШнын Мамкатчысы Колин Пауэлл Израилди жана палестиналыктарды террордук чабуулдун тынчтык жарайанын жайран кылышына жол бербөөгө чакырды.