Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Бийлик менен саясий күчтөрдүн «тегерек үстөл» жыйыны өтөт


БИШКЕК. Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрү менен саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымдоо каражаттарынын башын кошууга багытталган «тегерек үстөл» жыйыны 12-июлда өтөт. Мындай маалымат 9-июнда президенттин басма сөз кызмат жетекчиси Уран Ботобековдон алынды. Анын маалыматына караганда, кезектеги жыйын «Өнөктөштүк форуму» аталышында өткөрүлмөкчү жана ага бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрү чакырылат. Анда мамлекеттик бийлик менен жарандык коом, саясий партия жана массалык маалымдоо каражаттарынын мындан аркы кызматташуу багыттары талкууланып, жыйынтык документ катары декларация кабыл алынат. «Тегерек үстөл» жыйынынын уюштурууга бир катар саясий партиялар демилге көтөрүшүп, аны өткөрүүгө президенттик администрация колдоо көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG