Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

Эл өкүлдөр жыйын сессиясы 24-июнда болот


БИШКЕК. 24-июнда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 16-сессиясы башталат. Мындай маалымат 9-июнда аталган жыйындан алынды. Кабарга караганда, сессиянын күн тартибине 40тан ашуун маселе коюлат. Алардын арасында табигый кырсык кесепеттерин жоюу жана ага карата өзгөчө кырдаалдар министрлиги көрүп жаткан чараларды, жылуулук, отун-энергетика тармагынын абалы, палата кабыл алган токтомдордун аткарылышын териштирген өкмөттүк саат бар. Андан тышкары палата Улуттук банк төрагасынын отчетун угуп, балык чарбасынын, тышкы сооданы мамлекеттик жөнгө салуу маселелерин карап, эларалык 19 келишимди ратификациялайт жана бир катар административдик-аймактык маселелерди карашы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG