Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Президент Аскар Акаевдин Оштогу иш сапары Каракулжадан башталды


ОШ. Адегенде президент Ажыке багытындагы Сарыбулак айыл өкмөтүнүн жер көчкү жүргөн чөлкөмдөрүн кыдырып көрүп, жергиликтүү эл менен жолугушту. Ал үйүнөн, мал-келинен ажырагандар бар болсо да, эң негизгиси жан аман экендигине шүгүрчүлүк келтирип, эл-журтту адистердин эскертүү сунуштарын астейдил кабылдоого чакырды. Президент кооптуу жердегилердин башка жакка көчүшүнө, үй тургузушуна мамлекет колдон келишинче жардам берээрин, бул - өлкөдөгү өзгөчө көңүл бөлчү маселелерден болуп жаткандыгын жарыя кылды. Аскар Акаев Ылайталаа айыл өкмөтүндөгү дүйнөлүк банктын эсебинен Тар дарыясына курулган дамбаны да кыдырып көрдү. Андан соң Каракулжа кыштагында «Чоң казы» кредиттик бурукмесинин кеңсесинин ачылыш аземине катышты. Кредиттик бурукменин жамааттарында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алып, ага канааттангандыгын билдирди. Президент ушул эле күнү Бишкекке учуп кетти.

XS
SM
MD
LG