БИШКЕК. Бул күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандан коргоо министри Эсен Топоев катышууда. Бул тууралуу дүйшөмбүдө коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев билдирди. Анын айтымында, 11-июнга чейин созулчу жыйында КМШ коргоо министрлери 2004-жылы биргелешип аткара турган аскерий иштердин планын, «Аскердик кызматташуу» журналын чыгаруу, абадан коргонуу багытында кызматташуу жана башка маселелерди талкуулайт. Жакынкы айларда Кантта орус аскерий базасын жайгаштыруу боюнча Кыргызстан менен тийиштүү келишимдерге кол коюла тургандыгы тууралуу Орусия коргоо министринин маалыматын ырастаган Мирбек Койлубаев, бул багытта тынымсыз макулдашуу иштери жүрүп, келишим долбоору даярдалып жатканын кошумчалады.