Чечен ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мунай-газ тармагына адистешкен "Грознефть" ишканасынын директорунун орун басары Абдула Арсанукаевди Катыр-Юрт кыштагындагы үйүндө беткеп кийген адамдар атып кетишкен. Кылмыш саясатка же бизнеске байланышканы белгисиз. Орусиянын маалымат агенттиктери бүгүн Чеченстандын ар кайсы аймактарында козголоңчулардын кол салууларынан милиция кызматкерлери менен жоокерлерден алты адам каза тапканын да кабарлашты.