Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Түндүк Корея өзөктүк куралга АКШнын айынан жана каражатты үнөмдөө үчүн ээлик кылууда


Бул тууралуу Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги тараткан билдирүүдө айтылат. Анда белгилегендей, өзөктүк курал Пхеньянга АКШнын душманчыл саясатын токтотуу, кадимки курал-жарактарды кармоого кеткен чыгымдарды кыскартып, каражатты үнөмдөө үчүн керек. Баяндамачылар Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкө өзөктүк куралга ээ болууга умтулуп жатканын алгачкы ирээт моюнга алганын белгилешүүдө. Билдирүүдө айтылгандай, эгер АКШ турумун өзгөртсө, Пхеньян Вашингтондун кооптонууларын басаңдатууга даяр. Жогорудагы билдирүүнүн алдында Түштүк Кореянын президенти Но Му Хен Жапониядагы иш сапарын аяктап жатып, өлкө парламентинде сүйлөгөн сөзүндө мындай деди:

- Биз эч убакта Түндүк Корея өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербейбиз. Ошол эле учурда ,менин эсебимде, бул проблема сүйлөшүү жолу менен тынч чечилиши керек.

XS
SM
MD
LG