Түндүк Корея жакында "өзөктүк курал программасы өлкөнүн катардагы куралдуу күчтөрүн азайтып, үнөмдөлгөн каражатты экономикага жумшоого мүмкүндүк берет" деген билдирүү таркаткан. Акүйдүн маалымат катчысы Ари Флайшер бул билдирүүнү Түндүк Кореяда эл ачарчылыкта калганын өкмөт моюнга алды деп баалады жана "Түндүк Корея элинин коопсуздугуна биринчи кезекте өз өкмөтү коркунуч келтирет" деп ырастады.
Ал эми Түштүк Кореянын президенти Xo Му Хен анын өлкөсү Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бере албай тургандыгын мындайча билдирди:
- Биз Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болушуна эч качан макул болбойбуз. Ошол эле убакта, бул маселени тынчтык жол менен диалог аркылуу чечиш керек деп ишенем.