Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Орусияда исламчыл “Хизбу-т-Тахрир” партиясынын 120 мүчөсү камакка алынды


Москва шаарынын тартип коргоо кызматтары соңку бир аптада аталган шаарда өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн исламчыл “Хизбу-т-Тахрир” уюмунун мүчөлөрүн кармоо үчүн атайын иш чараларды өткөрдү. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын кабарлоосуна караганда, текшерүү мезгилинде 120 адам колго түшүрүлдү. Кармалгандардын жанынан курал жарак, жардыргыч заттар жана “Хизбу-т-Тахрир” партиясынын үгүт баракчалары табылды. Колго түшкөн жарандардын жетекчилери Тажикстандык Акрам Жалалов жана Кыргызстандык жаран Алишер Мусаев экендиги аныкталды. Ал эми ушул эле күнү Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү жогорудагыдай маалыматты жокко чыгарып Мусаевдин кыргызстандык эместигин билдирди.

XS
SM
MD
LG