Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Израилде болгон атышуудан үч палестиналык жаран каза болду


Дүйнө коомчулугунун Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты камсыз кылуу аракетине карабай, бул аймакта жөөт-палестин куралдуу кагылышуусу токтобой жатат. Газа өрөөнүндөгү болгон бүгүнкү ок атышууда, израилдик жоокерлер эки куралдуу палестиналык жаранды атып өлтүрдү. Соңку маалыматтарга караганда, Иордан дарыясынын батыш жээгинен дагы бир палестиналык жаран, Израил жоокерлеринин огунан мерт болду. Ошондой эле шейшемби күнү Израилдик жоокерлердин Газа өрөөнүндөгү аскердик тик учмадан аткылоосунан исламчыл “ХАМАС” тобунун көрүнүктүү жетекчилеринин бири Абул Азиз ар-Рантисси баш болгон 25 өкүлү оор жараат алып, бир адам каза болду.
Израилдиктердин мындай аракетине Палестина өкмөтүнүн мүчөсү Ясир Абед Раббо мындайча пикирин билдирди:

- Бүгүнкү Газада болгон чабуул, Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты жөнгө салууга арналган “Жол картасы” планын жана президент Жорж Буштун анын администрациясынын тынчтыкты жөнгө салуу аракеттерин ойрон кылууга багытталды.

Израил тарап, жогорудагыдай окуя боюнча пикирин билдире элек.

XS
SM
MD
LG