БИШКЕК. Банкрот болуп жоюлуп кеткен «Инсанбанктын» 50дөн ашык аманатчылары бүгүн Өкмөт Үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Алар банкка салып, ала албай калган 30 миллион сомдон ашык акчасын кайтарып берүүнү талап кылышты. Мындан тышкары, алар бул банкка салган аманаттарын кайтарып берүүгө көмөк көрсөтө албагандыгы үчүн өкмөттү Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна беришкенин кабарлашты.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов