Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

«Робин» фирмасы кайрадан ишке киришти


БИШКЕК. «Дыйкандардан төө буурчакты сатып алууну Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги тийиштүү деңгээлде уюштурбай жатат. Ошондуктан дыйкандар өстүргөн түшүмүн сатууда кыйынчылыкка учурап жатышат», - деп билдирди бүгүнкү маалымат жыйынында «Робин» фирмасынын координатору Чолпон Абдуллаева. Анын айтымында, «Робин» фирмасы дыйкандардын, Талас облусунун жетекчилигинин өтүнүчү менен 15-майдан тартып төө буурчакты кайрадан сатып ала баштады жана быйыл 30 миң тонна буурчак сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар. «Робин» фирмасынын айланасындагы чатакка байланыштуу фирма быйыл январь айынан бери төө буурчак сатып алууну токтотуп койгон. Былтыр «Робин» фирмасы 14 миң тонна төө буурчак сатып алган.

XS
SM
MD
LG