Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Казакстандан депортацияланган өзбек жарандары мекенине кайтарыла элек


БИШКЕК. Өткөн ишемби күнү Казакстандан Кыргызстанга депортацияланган Өзбекстандын 32 жараны дагы эле Кантта турушат. Аларга өзбек элчилиги тийиштүү көңүл буруп, мекенине алып кетүүнү уюштурбай жатканы үчүн Өзбекстанга нота жиберилди. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин директорунун орун басары Болот Сарыгулов билдирди. Анын айтымында, депортацияланган кыргыз жарандарынын ичинен соода менен алектенгендер Бишкектеги туугандарына тарап кетишкен. Ал эми курулуш ишин жүргүзгөн 16 киши Беловодск шаарындагы атайын жайда кармалып турушат. Аларга Алматыдан айлык акылары жана кийим кечелери алынып келингенден кийин, атайын автомашина менен туулган жери - Ноокат районуна жөнөтүлөт. Депортацияланган 59 тажик жараны болсо Кыргызстандагы тажик диаспорасынын жана тажик элчилигинин жардамы менен Тажикстанга жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG